Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата: «Чаарат Кубогу» Чаткалда өттү

Жыл сайын өтүүчү спорттук майрамы – “Чаарат Кубогу” – бул жолу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Бул майрам аймакта спортту өнүктүрүү жана колдоо максатында 2018 -жылдан бери “Чаарат Заав” ЖАК тарабынан Чаткал районунда өткөрүлүп келет. Мелдештер салттуу түрдө спорттун үч түрүн: улак -тартыш, күрөш жана волейбол (аялдар арасындагы волейболду кошкондо) жана концерт менен балдардын мастер-класстарынан турган майрамдык бөлүгүн дагы камтыйт. Бул жолку компания атайын Бишкектен көрүнүктүү ырчыларды – Асхат Мусабеков менен Ильяз Абдразаковду алып келди. Майрамды куудул Тынар Курбаналиев алып барды.

Өткөн жылы пандемияга байланыштуу “Чаарат Кубогун” токтотууга туура келген, ошондуктан бул жолу ал өзгөчө чыдамсыздык менен күтүлгөн. Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанда спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошкон Чаткалдын жашоочуларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү – Көк бөрү, Күрөш жана Волейбол федерацияларынын Ардак грамоталары жеке өзүнүн өмүрүн спортко арнаган жана өзүнүн мелдешинде олуттуу жетишкендиктерди көрсөткөн ар бир адамга салтанаттуу түрдө “Чаарат Заав” жабык акционердик коомунун башкы директору Даврон Вахабовдун колунан тапшырылды.

Артисттердин элдин астына чыгышы өзгөчө шыктануу менен кабыл алынды – Чаткал аймагы алыс болгондуктан артисттердин келиши абдан бааланат.

 

«Чаарат Заав аймактын өнүгүшүнө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салымын кошкон чоң жана ишенимдүү инвестор. Мындай ишенимдүү компания менен элдин бирге иштөөсү Чаткалга жалпы жашоо деңгээлин жогорулатууга жана биздин гүлдөп-өсүшүбүз үчүн зарыл болгон бир катар маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жардам берет деп ишенебиз. Биз буга чейин үзгүлтүксүз кызматташып келүүдөбүз – саламаттыкты сактоодо, маданий жашоосунда жана жашоо шарттарын жакшыртууда райондо бир катар долбоорлорубуз бар. Мисалы, биздин балдарыбыз компаниянын эсебинен дарыгер кесиптерине окуп жатышат, натыйжада Чаткалга квалификациялуу дарыгерлер келип эмгектенет. Жолдор жана ооруканалар оңдолуп, балдардын чыгармачылыгы өнүгүүдө. Компания ар дайым биздин өтүнүчтөрүбүзгө жана сунуштарыбызга көңүл бурат», – деп Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев компаниянын иши тууралуу айтты.

Аялдар арасында волейбол мелдеши экинчи ирет өткөрүлүүдө – Жаңы-Базар командасы II Чаарат Кубогун утуп алды. Бул жолу биринчи орунду акимчиликтин командасы ээледи – команданын капитаны жана акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева айткандай, бул алар үчүн күтүүсүз болду, анткени жумуш маселелеринин арасында даярданууга көп убакыт деле болгон эмес.

“Биз дайыма волейбол ойнойбуз, бул оюнду жакшы көрөбүз, бул биздин хоббибиз, адатта дээрлик ай сайын чакан мелдештерде жолугуп турабыз. Бирок ушундай турнирдеги биринчи орунга ээ болуу биз үчүн биринчи жолу болуп жатат. Албетте, абдан кубанычтабыз”, – деди ал.

“Жаштар” категориясында (волейбол) Жаңы-Базар командасы абдан катуу күрөштө жеңишке жетишти. “40+” категориясында биринчи орунга Айгыр-Жал айылынын спортчулары ээ болду. Жалпы байге фонду 129 миң сомду түздү.

Кыргыздын улуттук бел боо күрөшү дагы көптөгөн күйөрмандарды кызыктырды: эркектер 60, 70 жана 80+ кг үч категорияларында күрөштү. Категорияларына ылайык жеңүчүүлөр Адилет Алымкулов, Марлен Осмоналы уулу жана Нурсейит Тагайбек уулу болду (айтмакчы, ал акыркы жолу 70тен 80 кг чейинки спортчулар арасында жеңишке ээ болгон). Күрөш боюнча мелдештин жалпы байге фонду 74 миң сомду түздү.

Улак тартыш мелдешинде акчалай сыйлыктар гана эмес, тиричилик техникалары да болгон: калыстардын алдына мамалакты таштагандардын баары туш келген лотерея шарын тандап чыгарган, анын негизинде кир жуугуч машина, муздаткыч, телевизор, же 2ден 10 миңге чейинки сумма болгон байгелери аныкталган.  Улак тартыш, көк бөрүдөн айырмаланып, чоң физикалык күчтү жана чыдамкайлыкты талап кылган жеке оюн. Анда 10 бирдик тиричилик техникасы жана 16 акчалай сыйлык, жалпысынан 26 байге ойнотулган.

“Чаарат Кубогу” Чаткал районунун өнүгүү потенциалын дагы бир жолу көрсөтүп, жергиликтүү калк үчүн чоң майрамына айланды – “Чаарат Заав” ЖАКы мелдештер менен концерттен тышкары, иш-чара өткөрүлгөн жерине чейин транспортту, түшкү тамактанууну, балдар үчүн “декупаж” ыкмасы боюнча табактарды кооздоо жана жөнөкөй сүрөттөрдү түзүү мастер-класстарын уюштуруп берди.

Жашоочулар компанияга ыраазычылыктарын билдирип, жакын коңшулук мамилелер мындан ары да райондун жыргалчылыгы үчүн чыңдала тургандыгына үмүт артаарын билдиришти.

Айтмакчы, жыл сайын “Чаарат Заав” ЖАКы социалдык пакет катары 14 миллион сомдон ашык каражат бөлүп берүүдө — өткөн жылы, мисалы, бул акчанын эсебинен Коргон-Сай жана Каныш-Кыя айылдарына эки балдар аянтчасы курулуп, асфальт төшөлүп, тез жардам унаасы жана башка көптөгөн нерселер сатылып алынган. Мындан тышкары, компания ошол каражаттардан тышкары жергиликтүү тургундарга үзгүлтүксүз жардам берип келүүдө. “Чаарат Кубогу”, атап айтканда, социалдык пакетке кирбеген белек – ал үчүн бардык чыгымдар өзүнчө төлөнгөн.

ИжКБАда “Чаарат” тобунун компаниялары менен инвестицияларды тартуу боюнча өнөктөштүк келишимине кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинде (ИжКБА) британиялык “Чаарат Голд Холдингс Лимитед” компаниясынын туунду компаниясы болуп саналган “Чаарат Заав” ЖАКтын акционерлери болгон чет элдик инвесторлору менен инвестицияларды тартуу, ошондой эле аймактарда бир катар долбоорлорду иштеп чыгуу жана артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү жаатында өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюлду.

Жакынкы эки жылда инвесторлор Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат кениндеги алтын ылгоочу фабриканын (АЫФ) жана инфраструктуралык объектилердин курулушуна 110 миллион АКШ долларынан ашык каражат жумшоону пландаштырып жатканы такталды, мунун натыйжасында жергиликтүү калк үчүн ишканада 800дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берилет. Мындан тышкары, райондун муктаждыктарына: жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна, билим берүү тармагына, медициналык мекемелер менен мектептердин оңдоо иштерине ж.б. жыл сайын 14 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп турат.

ИжКБА менен “Чаарат” тобунун компанияларынын ортосундагы өнөктөштүк келишими өлкөгө кошумча батыш мамлекеттеринен каржылоону тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана Кыргыз Республикасы менен инвестор тараптарынан жоопкерчиликтүү мамилени көрсөтүүгө жардам берет. Ошондой эле өз социалдык программасынын алкагында инвесторлор Чаткал районундагы заманбап кесиптик колледжди курууну пландаштырууда. Пландаштырылган долбоорлор ИжКБАнын колдоосу менен жана бардык мыйзамдык ченемдерди, ошондой эле экологиялык, техникалык жана башка талаптарды жана стандарттарды сактоо менен өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта ​​жүзөгө ашырылат.

“Чаарат Заав” ЖАКы жана инвесторлор түзүлгөн келишимди жогору баалап, бул келишим Кыргыз Республикасында иштеген регионду өнүктүрүүгө багытталган ак ниеттүү жана жоопкерчиликтүү инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кадам болуп жана ошондой эле мамилелерди мындан ары чыңдоого жана жемиштүү өнөктөштүк мамилелерге өбөлгө түзөт экендигине ишенишет.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун калкынын муктаждыктары үчүн 10 кычкылтек концентраторун сатып алып, райондун өкүлдөрүнө тапшырды

«Чаарат Зав» ЖАКу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасына жардамын көрсөтууну улантууда. Анын алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун калкынын муктаждыктары үчүн 10 кычкылтек концентраторун сатып алып, райондун өкүлдөрүнө тапшырды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна, COVID-19 жуктурган учурлар көбөйүдо. Мындан улам, медициналык мекемелерде медициналык шаймандар менен камсыз кылуу муктаждыгы көбөйгөндүгү ачык. Ага ылайык “Чаарат Заав” компаниясы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына болжол менен бир миллион сомго кычкылтек концентраторлорун сатып алып, тапшырып берди.

«Чаарат Заав» учурдагы кырдаалды талдоону жана даректүү жардам көрсотүүну токтотпойт. Эскерте кетсек, буга чейин компания Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 45 миң доллардан ашык суммада лабораториялык жабдууларын (COVID-19 ПЦР-амплификатор жана ПЦР тестери ) тапшырып берген. Ошондой эле райондун жашоочуларына 10 тонна ун жана дезинфекциялык каражаттарды тараткан.

Инвестициялар убакты: Лондондо Кыргызстан менен Британиянын ортосундагы кызматташуунун перспективалары талкууланды

Лондондо Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуу Британия Королдугу ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана бизнести өнүктүрүүгө арналган III-Кыргыз-Британдык инвестициялык форум өттү.  Иш-чара Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын, «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын колдоосу менен уюштурулду. «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын туундусу «Чаарат Заав» ЖАКу Жалал-Абад областынын Чаткал районунда жайгашкан аты уйкаш алтын кенин иштетет.

Кыргызстандын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеди.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү кызматташуу мейкиндигин кеңейтүү жана бизнес-байланыштарды активдештирүү үчүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү маанилүү деп эсептейт. Жыл сайын өтө турган инвестициялык форум эки өлкөлөнүн бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ортосундагы узак мөөнөттүк кызматташууну өркүндөтүү боюнча өз ара идеяларды жана максаттарды илгерилетүүгө чоң түрткү болоруна ишенем», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Форумдун башкы темалары – Кыргызстанда инвесторлор үчүн ачык мүмкүнчүлүктөр: туризм, маалымат технологиялары, тоо-кен тармагы, банк сектору, аймактарды жана ал жердеги ишкердүүлүктү өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маалыматы боюнча учурда кыргыз-британ мамилелери динамикалык түрдө өнүгүп келе жатат: 2019-жылдын биринчи жарым жалдыгында Улуу Британиядан салынган түз инвестициялар 4,5 эсе жогорулап, 64,6 млн АКШ долларын түздү. КР биринчи вице-премьер-министринин сөзүнө ылайык бул багыттагы иш мындан ары дагы улантылат:

«Бүгүнкү күндө туруктуулук принциптерине таянган инвестициялар жана долбоорлор биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыска мөөнөттүк финансылык пайдага салыштырмалуу узак мөөнөттүк перспективада туруктуу инвестициялар мамлекет жана калк үчүн баалуулугу жогору болот», — деп билдирди.

Форумда «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын өкүлдөрү өздөрүнүн республикадагы иш тажрыйбасы тууралуу баяндашты. Аталган компания өлкөдө ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен катар Чаткал районунун өнүгүүсүнө салымын кошууда. Чаарат алтын кенин иштетүү – Улуу Британиялык инвесторлордун катышуусу менен өлкөдө ишке ашырылп жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири.

«Чаарат Голд Холдингс» компаниясынын генералдык мүдүрү Артем Волынец презентация менен чыгып сүйлөдү. Ал жалпысынан компаниянын өнүгүү стратегиясы, Кыргыз Республикасында эки алтын кен долбоорун ишке ашыруу жана Арменияда иштеп жаткан алтын өндүрүүчү ишкана жөнөндө айтып берди.

«Чаарат алтын кенин өздөштүрүү эки этап менен пландаштырылууда: капиталдык курулуш жана Түлкүбаш участогун ишке киргизүү кийинки эки жыл ичинде 110 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү инвестицияны камтыйт. Өндүрүү мөөнөтү – 5 жыл; жылдык алтын өндүрүү көлөмү 3 тоннадан ашык. Ошону менен катар Түлкүбаш участогун эксплуатациялоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу максатында жылына 20 миң метрге чейин масштабтык геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. Экинчи этап – Кызылташ участогу – кийинки 5-7 жыл бою болжол менен 500 млн АКШ долларына чейинки инвестицияларды камтыйт. Түлкүбаш жана Кызылташ участоктору эксплуатацияга киргизилгенден кийин алтын өндүрүү көлөмү, Армениядагы активди эске алуу менен, жылына 500 миң унция (16 тонна) чамасында болуп, мөөнөтү 20 жылдан кем болбойт», – деп, инвестор алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.

«Чаарат Заав» ЖАКнун ишмердүүлүгү башталгандан тартып 170 млн АКШ доллары чамасында инвестиция жумшалды, бул түз инвестициялар гана болду. Андан тышкары, баарына маалым болгондой, мындай долбоорлорду ишке ашыруу калкты жумуш орундары менен камсыздап, жергиликтүү деңгээлдеги чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө түрткү берет. Компания жыл сайын Чаткал районуна социалдык пакет бөлүп турат, анын көлөмү жергиликтүү коомчулуктун жана өз алдынча башкаруу органынын катышуусу менен аныкталат. Бул каражаттар аймактын элинин керегине – жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга, инфраструктураны жакшыртууга, билим берүүгө жана спортко – жумшалат.

Форумда Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев дагы Чааратты колдоп, Британиялык инвестор менен түздөн-түз кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Чаткал районунун өнүгүүсүндөгү жакшы көрсөткүчтөр бардык кызыктар тараптардын – мамлекеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана инвестордун – шериктештигинин жана кызматташтыгынын аркасы менен мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Жалпысынан иш-чарага туризм, тоо-кен, консалтинг, инвестиция жана экология тармактарында иш алыр барган Кыргызстандык 10 жана Британиялык 40 компаниянын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын меймандарына инвестициялык климатты жакшыртуу жана жеке секторду өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү алып барган иш тууралу маалымат берилди. Кыргызстандык ишкерлер, өз кезегинде, форум жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындай форматта иш-чара өткөрүү идеясы жаңы инвесторлорду тартууга жол ача турган моделдердин бири болгонун айтышты.

«Бул абдан туура концепция. Инвесторлор биздин Кыргызстанга жөн эле көрүү үчүн келбейт, ошондуктан өлкөбүздү алардын мекенине келип тааныштыруу мүмкүнчүлүгү абдан маанилүү. Лондон – бул инвестициялык хаб, бул жерде биздин өлкөбүздөгү мүмкүнчүлүктөр менен кызыга турган адамдар да, компаниялар да бар, бирок башында биз өзүбүз аларга келип, Кыргызстан эмнелерди сунуштай аларын көрсөтүшубүз зарыл. Ийгиликтүү мисалдарды көрсөткөнүбүз абдан туура болду. Эмки жылы бул иш-чаранын масштабы да, катышуучуларынын саны да – өзгөчө Британдык тараптан – чоңурак болушун тилейбиз», – деп «Сентил» юридикалык фирмасынын шериктеши Денис Багров форум тууралуу өз ой-пикири менен бөшлүштү.

Тараптар республикада жагымдуу инвестициялык климат түзүү, өлкөнүн экономикасына Британдык инвестицияларды тартуу, туризм, маалымат технологиялары, тоо-кен тармагы, банк жана финансы сектору жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу экономиканын приоритеттик багыттарын инвестициялоо боюнча иш-араекттерди ачык талкуулашты.

Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе – III-Кыргыз-Британдык инвестициялык форум учурунда «Чаарат Заав» ЖАКу менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул бардык тараптардын кызыгуусунун жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетинин түздөн-түз далили болуп эсептелет.

Иш-чара 2017-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлөт. Бул демилге Кыргызстанды таанытуу үчүн мыкты аянтча экени шексиз, ал эми болочок инвесторлор анын аркасы менен өлкөдө алар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачык экенин туздөн-түз өлкөнүн өкүлдөрүнөн үйрөнүп биле алышат.

Маалымат үчүн: «Чаарат Заав» ЖАКу Кыргыз Республикасынын Чаткал районунда жайгашкан Чаарат ири алтын кенин иштетет; «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын туундусу. Британдык холдингдин активдерине учурда иштеп жаткан Армениядагы кен, Капан кен байытуу комбинаты дагы кирет. «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» КМШ өлкөлөрүнүн аймагында, алдыңкы дүйнөлүк өндүрүш, айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык стандарттарына шайкеш алдыңкы алтын өндүрүүчү компания түзүү боюнча так коюлган стратегияга ээ.

Кошумча маалымат үчүн: www.chaarat.com 

Чаткал Айыл Кеңешинин депутаттары Чаарат кенине келип кетишти

Чаткал Айыл Кеңешинин депутаттары Чаарат кенине 19-августта келип кетишти. Милдеттүү медициналык кароодон жана коопсуздук техникасы боюнча нускалоодон өткөндөн кийин аларга бургулоо жана курулуш боюнча участкадагы иштер жөнүндө кеңири маалымат берилген. Ошондой эле алар компаниянын жана анын подряддык уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек жана жашоо шарттары менен таанышышты. Бүгүнкү күндө компанияда жана подряддык уюмдарында Чаткал районунун 138 тургуну иш орундары менен камсыз болушкан.