Жыл сайын өтүүчү спорттук майрамы – “Чаарат Кубогу” – бул жолу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Бул майрам аймакта спортту өнүктүрүү жана колдоо максатында 2018 -жылдан бери “Чаарат Заав” ЖАК тарабынан Чаткал районунда өткөрүлүп келет. Мелдештер салттуу түрдө спорттун үч түрүн: улак -тартыш, күрөш жана волейбол (аялдар арасындагы волейболду кошкондо) жана концерт менен балдардын мастер-класстарынан турган майрамдык бөлүгүн дагы камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинде “Чаарат Голд Холдингс Лимитед” компаниясынын туунду компаниясы болуп саналган “Чаарат Заав” ЖАКтын акционерлери болгон чет элдик инвесторлору менен инвестицияларды тартуу, ошондой эле аймактарда бир катар долбоорлорду иштеп чыгуу жана артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү жаатында өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюлду
«Чаарат Зав» ЖАКу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасына жардамын …
«Чаарат Заав» ЖАК – бул 15 жылдан мурда Кыргыз Республикасында катталган компания. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп келет. Анын негиздөөчүсү – Лондон Фондулук Биржасынын (AIM) Альтернативдик Инвестициялык Рыногуна катталган Chaarat Gold Holdings Limited компаниясы. Чаарат Голд Холдингс Лимитед компаниясы ишмердүүлүгүн баштагандан бери, Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагына болжол менен 150 миллион АКШ долларын инвестициялаган.
Биздин менеджментке төмөнкүлөр кирет:
Компания кенди этаптуу иштетүү аркылуу долбоорду узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн так аныкталган стратегиясына ээ. Күчтүү өндүрүштүк базаны түзүү жана узак мөөнөттүү каржылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биринчи этапта Түлкүбаш участогун иштетип чыгып, руданы үймөктөп шакардоо ыкмасы менен иштелип чыгышы сунушталууда. Алтын курамы жогору болгон Кызылташ участогунун бай камдыктарын иштетип чыгуу кийинки этапка пландаштырылган, бирок ага даярдыктар биринчи этабын ишке ашыруу менен бир убакта жүргүзүлөт.
«Чаарат Заав» компаниясынын жетекчилиги компаниянын узак мөөнөттүк концепциясын ишке ашыруу максатында, бардык кызыкдар тараптар менен кызматташууга ниеттенүүдө. Коопсуздукту камсыз кылуу, курчап турган чөйрөнү коргоо, ошондой эле кызматкерлердин жыргалчылык маселелери күндөлүк иштин жүрүшүндө негизги маселелер болуп саналат.
Компаниянын бүтүндөй жана ар бир кызматкердин негиз салуучу принциптери болуп сый-урмат, чынчылдык, өз ара жардамдашуу, жоопкерчилик жана ачыктык саналат.