Жетекчилик

Салтанат Иманова

  «Чаарат Заав» ЖАКун башкы директору 

Чаарат кенин иштеп чыгуу биздин башкы долбоорбуз болуп саналат.    Биз эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздук болобу, кадрдык саясат же жергиликтүү коомчулук менен иштөө жаатында жогорку стандарттарды көрсөтүүгө умтулабыз. 

Бардык геологиялык чалгындоо жана курулуш иштери Кыргыз Республикасынын коопсуздук эрежелерине жана экологиялык стандарттарга так ылайык жүргүзүлөт. Биз өндүрүштүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин, анын ичинде ар кандай тобокелдиктерди азайтуу үчүн алдыңкы технологияларды колдонууну көздөп жатабыз. 

Биздин башкы приоритеттерибиздин арасында-кызматкерлерибиздин коопсуздугу жана аларды өнүктүрүү, окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.   Биз кызматкерлерибиздин да, келечектүү жаштардын да адамдык потенциалынын жана кесипкөйлүгүнүн өсүшүнө салым кошуп, өз билимибизди өткөрүп берүүгө даярбыз.

Биздин максат – долбоорду жогорку деңгээлде ишке ашыруу, үлгү болуу жана жалпы өлкө экономикасынын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылуу.