Чаткал Айыл Кеңешинин депутаттары Чаарат кенине 19-августта келип кетишти. Милдеттүү медициналык кароодон жана коопсуздук техникасы боюнча нускалоодон өткөндөн кийин аларга бургулоо жана курулуш боюнча участкадагы иштер жөнүндө кеңири маалымат берилген. Ошондой эле алар компаниянын жана анын подряддык уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек жана жашоо шарттары менен таанышышты. Бүгүнкү күндө компанияда жана подряддык уюмдарында Чаткал районунун 138 тургуну иш орундары менен камсыз болушкан.