«Чаарат» компаниясынын (мындан ары Компания) болгон ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык экологиялык ченемдерин катуу сактоо менен жүргүзүлөт.
Айлана-чөйрөнүн абалынын мониторинги
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Чаарат» кенинин аймагында жана ага жакын жайгашкан аймактарда айлана-чөйрөнүн абалы ар дайым текшерилип турат. Изилдөөлөр атмосфералык абаны, жер үстүндөгү/жер астындагы сууларды, кыртышты, шуулдоону, термелүүнү, флораны, фаунаны жана археологиялык эстеликтерди баалоо боюнча текшерүүлөрүн камтыйт.
Жер үстүндөгү/жер астындагы суулардын, кыртыштын, радиациянын, шуулдоонун, термелүүнүн, атмосфера абасынын объекттерине карата мониторинг жүргүзүү
2019-жылдын ноябрь айында «ЭкоПартнер» ЖЧКнын катышуусунда төмөнкү лабораторияларды тартуу менен экологиялык изилдөөлөр өткөрүлгөн:
Алынган изилдөөлөрдүн натыйжалары экологиялык мониторинг жүргүзүү отчетунда чагылдырылган.
Мониторингдин натыйжалары боюнча санитардык эрежелери жана «РКЧ 99/2009 радиациялык коопсуздук ченемдери» менен белгиленген жана радиациялык фону жол берилген максималдуу деңгээлден (0,57 мкЗв /саат) ашкан жерлер болгон эмес. Изилдөө жүргүзүлүп жаткан аймактын чегинде радиациялык фонун өлчөө натыйжалары 0,071 мкЗв / сааттан 0,139 мкЗв / саатка чейин түзгөн, бул жол берилген максималдуу деңгээлден 4 эсе төмөн болуп саналат.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул анализ менен камтылган айлана чөйрөдөгү бардык булгоочу заттардын, тактап айтканда, көмүртек кычкыл газы, күкүрт кычкыл газы, азот кычкыл газы, күкүртүү суутек, аммиак, чаң жана углеводороддордун саны өтө төмөн деңгээлде же дээрлик жок эсе болуп саналат. Жер бетиндеги суу объектилеринин (Сандалаш дарыясы, Кумбелташ суусу) жана жер астындагы суунун (Кургак Сай участогундагы жана андан төмөн жайгашкан мониторинг скважиналары) абалынын органолептикалык жана жалпы химиялык көрсөткүчтөрү алардын табигый көрсөткүчтөрүнүн чегинен ашпай турат.
Түбүндөгү чөкмөлөрдөн ЖБКдан ашкан (топурак үчүн) металлдардын концентрациясы боюнча алынган сынамдары лабораториялык сыноолордун натыйжалары менен аныкталган эмес.
Биологиялык ар түрдүүлүк объектилерин баалоо
Компаниянын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары тарабынан биологиялык ар түрдүүлүк (өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине) боюнча бир катар изилдөөлөрү жүргүзүлүп алардын жыйынтыгы боюнча отчеттор даярдалган.
Тарыхый-маданий мурас (ТММ) объекттерин баалоо
Тарыхый-маданий мурас объекттери боюнча изилдөөлөр КРнын УИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун археологдорунун катышуусу менен жыл сайын жүргүзүлөт.
Калдыктар боюнча ишти алып баруу
Тиешелүү ченемдерге ылайык, кенде жана ага жакын жайгашкан жерлерде ишти алып барууда “Калдыктарды пайда кылуу, убактылуу сактоо, эсепке алуу жана убактылуу жайгаштырууга байланыштуу иш-чараларды башкаруу” нускамасы/ жол-жобосу иштелип чыккан.
Өндүрүштүн жана керектөөнүн натыйжасында пайда болгон калдыктары Компаниянын өндүрүштүк аймагында ушул максаттар үчүн атайын жабдылган аянтчаларында убактылуу сакталат. Өндүрүш жана керектөө калдыктарын сактоочу убактылуу аянтчаларында жүк көтөрүүчү механизмдер жана унаалар үчүн ыңгайлуу кирме жолдору бар. Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы Чукурчак участкасында уруксат берилип жайгашкан таштанды жайына калдыктарды ташып чыгаруу / жайгаштыруу иштерин “Самат Компани” ЖЧК подряддык компаниясы жүргүзүүдө.
Дарак-бадал өсүмдүктөрдү кыюуга уруксат алуу
Дарактарды жана бадалдарды кыюуга корутунду жана уруксат алуу үчүн компания келишимдик негизде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын жерлеринде пландан тышкары токой күтүү долбоорун Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин астында Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу мамлекеттик мекемеси (КТАЖ ММ) менен бирге аткарган. Өзгөчө баалуу дарактардын түрлөрүн кыюуга уруксат берүү жөнүндө №0000003 корутундуну Компания 2019-жылдын 21-ноябрында ЖААКТЧКБдан алган.
Токой күтүү долбоорун даярдоодо Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин астында Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу мамлекеттик мекемеси, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Жалал-Абад аймактык башкармалыгы, Жерди башкаруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чаткал райондук башкармалыгы, Каныш-Кыя айыл өкмөтү сыяктуу мамлекеттик структураларынын жана көзкарандысыз эксперттер, аймактын коомчулугунун жана Компаниянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен талаа жумуштарынын/жолугушууларынын топтомун камтыган иш-аракеттери толугу менен жүргүзүлдү.
Токой күтүү долбооруна ылайык токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдары жана жоготуулары боюнча болгон төлөмдөрү 6 556 404,48 (алты миллион беш жүз элүү алты миң төрт жүз төрт сом 48 тыйын) түзгөн. Эсептөөлөр белгиленген төлөмдөрдү (таксаларды) үч эсеге көбөйгөндүгүн эске алуу менен жүргүзүлдү.
Уруксат алгандан кийин, Компания Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин астында Кыргыз токой аңчылык жайгаштыруу мамлекеттик мекемеси, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Жалал-Абад аймактык башкармалыгы, Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын райондук бөлүмү, райондук администрациясы, Каныш-Кыя айыл өкмөтү мамлекеттик структураларын 2019-жылдын 26-декабрында КЧКТЧМАнын эсеп-кысап эсебине токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдары жана жоготуулары үчүн төлөгөн төлөмдөрү/ компенсациялары жана бак-дарактарды кыюу иштери баштагандыгы жөнүндө расмий түрдө кабарлаган.
Топурак жана өсүмдүк катмары
Чаарат алтын кенин жана ага жакын жайгашкан жерлерди иштетип, кийин ошол жерлердин рекультивациясын өткөзүү үчүн “Жер кыртышын жана өсүмдүк катмарын (ЖКӨК) аныктоо жана сактап калуу процессин башкаруу” жол-жобосун компания иштеп чыгып, ошол жол-жобосун жүзөгө ашырууда.
Тартипке жана макулдашылган долбоордук документацияга ылайык, участоктордо жумуш башталганга чейин, жер кыртышынын жогорку түшүмдүү катмары кесип алынып, кийин рекультивация максаттарында пайдалануу үчүн сактоочу жайга ташылат. Жер кыртышын жана өсүмдүк катмары боюнча иштерди жүргүзүү учурунда, мыйзамдын талаптарына ылайык, компания жер кыртышын жана өсүмдүк катмарын сактоо боюнча процесстерин документтештирет.
“Чаарат Заав” ЖАКы төмөнкү милдеттенмелерди өзүнө алат: