«ЧААРАТ ЗААВ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУК САЯСАТЫ
«Чаарат Заав» ЖАКнун коопсуздук техникасынын саясаты төмөнкү талашсыз жоболоруна негизделет:
«Чаарат Заав» менен байланыштуу иштерди аткарууда коркунучка учуроо мүмкүн болгон адамдардын, кызматкерлердин жана подрядчыларынын кесиптик ооруларын, кокустук жаракаттарын жана өндүрүштөгү кырсыктары менен айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды жана булгоосун алдын алуу жолу менен Компания өз ишин аткарууда.
Компаниянын иш-аракеттерин аткарууда коркунучка учуроо мүмкүн болгон адамдардын, кызматкерлердин жана подрядчыларынын кесиптик ооруларын, кокустук жаракаттарын жана өндүрүштөгү кырсыктары менен айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды жана булгоосун алдын алуу прициптерин сактоо менен Компания өз ишин аткарууда.
Компания эмгекти коргоо жана өндүрүштүк коопсуздукту башкаруунун алдыңкы тажрыйбаларын колдонуп, Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү ченемдик укуктук актыларын жана стандарттарын сактоо менен бардык кызматкерлерин коопсуз жана ден-соолукка пайдалуу эмгек шарттарын камсыздап сактайт, кооптуу жана зыяндуу өндүрүш факторлорун аныктоо, алдын алуу жана жоюу боюнча натыйжалуу ишин алып барууда; эгер аларды толугу менен жокко чыгаруу мүмкүн болбосо, тобокелдик факторлорун азайтуу үчүн тобокелдиктерди тескөө тартиби колдонулат.
Компаниянын жетекчилиги, бөлүм башчылары жана персоналы алар менен иштеген же алардын жетекчилиги астында иштеген кызматкерлердин коопсуздугу үчүн жооп беришет, ошондуктан биз баардыгыбыз эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугунун ченемдери менен эрежелерин сактап, жумушта жана күнүмдүк турмушта тиешелүү маданиятын өнүктүрүп жатабыз. Компаниянын ар бир кызматкери, ээлеген кызмат ордуна карабастан, өзүнүн ою боюнча, өзүнө же башка адам үчүн кооптуу болгон операцияны токтотууга укуктуу.
Компания өзүнүн бардык кызматкерлеринен жана подрядчиктеринен ушул Саясатка ылайык эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды так сактоо керектигин баса белгилейт. Бузуулар болгон учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тиешелүү чаралар көрүлөт. Компаниянын эмгекти башкаруу тутуму тынымсыз өркүндөтүлүп, кеңейтилип жана толукталууда, контролдоонун жол-жоболору, тутумдары жана түрлөрү жакшыртылып жатат, ошондой эле Компания бардык кызматкерлерди жана подрядчиктерди өзүнүн талаптарын аткарууга жана Компаниянын өнүктүрүүсүнө активдүү катышууга милдеттендирет.