Лондондо Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуу Британия Королдугу ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана бизнести өнүктүрүүгө арналган III-Кыргыз-Британдык инвестициялык форум өттү. Иш-чара Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын, «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын колдоосу менен уюштурулду. «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын туундусу «Чаарат Заав» ЖАКу Жалал-Абад областынын Чаткал районунда жайгашкан аты уйкаш алтын кенин иштетет.
Кыргызстандын делегациясын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеди.
«Кыргыз Республикасынын өкмөтү кызматташуу мейкиндигин кеңейтүү жана бизнес-байланыштарды активдештирүү үчүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү маанилүү деп эсептейт. Жыл сайын өтө турган инвестициялык форум эки өлкөлөнүн бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү ортосундагы узак мөөнөттүк кызматташууну өркүндөтүү боюнча өз ара идеяларды жана максаттарды илгерилетүүгө чоң түрткү болоруна ишенем», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.
Форумдун башкы темалары – Кыргызстанда инвесторлор үчүн ачык мүмкүнчүлүктөр: туризм, маалымат технологиялары, тоо-кен тармагы, банк сектору, аймактарды жана ал жердеги ишкердүүлүктү өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн маалыматы боюнча учурда кыргыз-британ мамилелери динамикалык түрдө өнүгүп келе жатат: 2019-жылдын биринчи жарым жалдыгында Улуу Британиядан салынган түз инвестициялар 4,5 эсе жогорулап, 64,6 млн АКШ долларын түздү. КР биринчи вице-премьер-министринин сөзүнө ылайык бул багыттагы иш мындан ары дагы улантылат:
«Бүгүнкү күндө туруктуулук принциптерине таянган инвестициялар жана долбоорлор биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыска мөөнөттүк финансылык пайдага салыштырмалуу узак мөөнөттүк перспективада туруктуу инвестициялар мамлекет жана калк үчүн баалуулугу жогору болот», — деп билдирди.
Форумда «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын өкүлдөрү өздөрүнүн республикадагы иш тажрыйбасы тууралуу баяндашты. Аталган компания өлкөдө ири инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен катар Чаткал районунун өнүгүүсүнө салымын кошууда. Чаарат алтын кенин иштетүү – Улуу Британиялык инвесторлордун катышуусу менен өлкөдө ишке ашырылп жаткан ийгиликтүү долбоорлордун бири.
«Чаарат Голд Холдингс» компаниясынын генералдык мүдүрү Артем Волынец презентация менен чыгып сүйлөдү. Ал жалпысынан компаниянын өнүгүү стратегиясы, Кыргыз Республикасында эки алтын кен долбоорун ишке ашыруу жана Арменияда иштеп жаткан алтын өндүрүүчү ишкана жөнөндө айтып берди.
«Чаарат алтын кенин өздөштүрүү эки этап менен пландаштырылууда: капиталдык курулуш жана Түлкүбаш участогун ишке киргизүү кийинки эки жыл ичинде 110 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү инвестицияны камтыйт. Өндүрүү мөөнөтү – 5 жыл; жылдык алтын өндүрүү көлөмү 3 тоннадан ашык. Ошону менен катар Түлкүбаш участогун эксплуатациялоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу максатында жылына 20 миң метрге чейин масштабтык геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүүдө. Экинчи этап – Кызылташ участогу – кийинки 5-7 жыл бою болжол менен 500 млн АКШ долларына чейинки инвестицияларды камтыйт. Түлкүбаш жана Кызылташ участоктору эксплуатацияга киргизилгенден кийин алтын өндүрүү көлөмү, Армениядагы активди эске алуу менен, жылына 500 миң унция (16 тонна) чамасында болуп, мөөнөтү 20 жылдан кем болбойт», – деп, инвестор алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.
«Чаарат Заав» ЖАКнун ишмердүүлүгү башталгандан тартып 170 млн АКШ доллары чамасында инвестиция жумшалды, бул түз инвестициялар гана болду. Андан тышкары, баарына маалым болгондой, мындай долбоорлорду ишке ашыруу калкты жумуш орундары менен камсыздап, жергиликтүү деңгээлдеги чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө түрткү берет. Компания жыл сайын Чаткал районуна социалдык пакет бөлүп турат, анын көлөмү жергиликтүү коомчулуктун жана өз алдынча башкаруу органынын катышуусу менен аныкталат. Бул каражаттар аймактын элинин керегине – жолдорду жана көпүрөлөрдү курууга, инфраструктураны жакшыртууга, билим берүүгө жана спортко – жумшалат.
Форумда Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев дагы Чааратты колдоп, Британиялык инвестор менен түздөн-түз кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүштү. Чаткал районунун өнүгүүсүндөгү жакшы көрсөткүчтөр бардык кызыктар тараптардын – мамлекеттин, жергиликтүү коомчулуктун жана инвестордун – шериктештигинин жана кызматташтыгынын аркасы менен мүмкүн болгонун баса белгиледи.
Жалпысынан иш-чарага туризм, тоо-кен, консалтинг, инвестиция жана экология тармактарында иш алыр барган Кыргызстандык 10 жана Британиялык 40 компаниянын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын меймандарына инвестициялык климатты жакшыртуу жана жеке секторду өнүктүрүү жаатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү алып барган иш тууралу маалымат берилди. Кыргызстандык ишкерлер, өз кезегинде, форум жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, мындай форматта иш-чара өткөрүү идеясы жаңы инвесторлорду тартууга жол ача турган моделдердин бири болгонун айтышты.
«Бул абдан туура концепция. Инвесторлор биздин Кыргызстанга жөн эле көрүү үчүн келбейт, ошондуктан өлкөбүздү алардын мекенине келип тааныштыруу мүмкүнчүлүгү абдан маанилүү. Лондон – бул инвестициялык хаб, бул жерде биздин өлкөбүздөгү мүмкүнчүлүктөр менен кызыга турган адамдар да, компаниялар да бар, бирок башында биз өзүбүз аларга келип, Кыргызстан эмнелерди сунуштай аларын көрсөтүшубүз зарыл. Ийгиликтүү мисалдарды көрсөткөнүбүз абдан туура болду. Эмки жылы бул иш-чаранын масштабы да, катышуучуларынын саны да – өзгөчө Британдык тараптан – чоңурак болушун тилейбиз», – деп «Сентил» юридикалык фирмасынын шериктеши Денис Багров форум тууралуу өз ой-пикири менен бөшлүштү.
Тараптар республикада жагымдуу инвестициялык климат түзүү, өлкөнүн экономикасына Британдык инвестицияларды тартуу, туризм, маалымат технологиялары, тоо-кен тармагы, банк жана финансы сектору жана аймактарды өнүктүрүү сыяктуу экономиканын приоритеттик багыттарын инвестициялоо боюнча иш-араекттерди ачык талкуулашты.
Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе – III-Кыргыз-Британдык инвестициялык форум учурунда «Чаарат Заав» ЖАКу менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул бардык тараптардын кызыгуусунун жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетинин түздөн-түз далили болуп эсептелет.
Иш-чара 2017-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлөт. Бул демилге Кыргызстанды таанытуу үчүн мыкты аянтча экени шексиз, ал эми болочок инвесторлор анын аркасы менен өлкөдө алар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр ачык экенин туздөн-түз өлкөнүн өкүлдөрүнөн үйрөнүп биле алышат.
Маалымат үчүн: «Чаарат Заав» ЖАКу Кыргыз Республикасынын Чаткал районунда жайгашкан Чаарат ири алтын кенин иштетет; «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» компаниясынын туундусу. Британдык холдингдин активдерине учурда иштеп жаткан Армениядагы кен, Капан кен байытуу комбинаты дагы кирет. «Чаарат Голд Холдингс Лимитед» КМШ өлкөлөрүнүн аймагында, алдыңкы дүйнөлүк өндүрүш, айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык стандарттарына шайкеш алдыңкы алтын өндүрүүчү компания түзүү боюнча так коюлган стратегияга ээ.
Кошумча маалымат үчүн: www.chaarat.com