Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинде (ИжКБА) британиялык “Чаарат Голд Холдингс Лимитед” компаниясынын туунду компаниясы болуп саналган “Чаарат Заав” ЖАКтын акционерлери болгон чет элдик инвесторлору менен инвестицияларды тартуу, ошондой эле аймактарда бир катар долбоорлорду иштеп чыгуу жана артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү жаатында өнөктөштүк жана кызматташуу жөнүндө меморандумуна кол коюлду.
Жакынкы эки жылда инвесторлор Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат кениндеги алтын ылгоочу фабриканын (АЫФ) жана инфраструктуралык объектилердин курулушуна 110 миллион АКШ долларынан ашык каражат жумшоону пландаштырып жатканы такталды, мунун натыйжасында жергиликтүү калк үчүн ишканада 800дөн ашуун жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берилет. Мындан тышкары, райондун муктаждыктарына: жолдордун, көпүрөлөрдүн курулушуна, билим берүү тармагына, медициналык мекемелер менен мектептердин оңдоо иштерине ж.б. жыл сайын 14 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп турат.
ИжКБА менен “Чаарат” тобунун компанияларынын ортосундагы өнөктөштүк келишими өлкөгө кошумча батыш мамлекеттеринен каржылоону тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана Кыргыз Республикасы менен инвестор тараптарынан жоопкерчиликтүү мамилени көрсөтүүгө жардам берет. Ошондой эле өз социалдык программасынын алкагында инвесторлор Чаткал районундагы заманбап кесиптик колледжди курууну пландаштырууда. Пландаштырылган долбоорлор ИжКБАнын колдоосу менен жана бардык мыйзамдык ченемдерди, ошондой эле экологиялык, техникалык жана башка талаптарды жана стандарттарды сактоо менен өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.
“Чаарат Заав” ЖАКы жана инвесторлор түзүлгөн келишимди жогору баалап, бул келишим Кыргыз Республикасында иштеген регионду өнүктүрүүгө багытталган ак ниеттүү жана жоопкерчиликтүү инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кадам болуп жана ошондой эле мамилелерди мындан ары чыңдоого жана жемиштүү өнөктөштүк мамилелерге өбөлгө түзөт экендигине ишенишет.