Чаарат долбоору

Географиялык жактан алганда, Чаарат кени Пскем кырка тоосунун чегинде жайгашкан.  Административдик жактан алганда, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кирет.

Тарых жана геологиялык чалгындоо 

Бул аймакта биринчи геологиялык изилдөөлөр 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында жүргүзүлүп, анын натыйжасында Сандалаш дарыясынын бассейнинин геологиялык схемалары түзүлгөн. ХХ кылымдын 50-жылдарында, геологдор болушу мүмкүн болгон сурьма кенин баалоо боюнча ишти башташкан, бирок жердин татаалдыгына жана алыс жайгашкандыгына байланыштуу, изилдөө иштери толук жүргүзүлгөн эмес. Совет мезгилинде алтындын курамы боюнча изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. 

1991-1996-жылдары Жалал-Абад комплекстүү геологиялык экспедициясы Чаарат участогунда изилдөө жана баалоо иштерин жүргүзгөн, анын максаты – участоктун сурьма боюнча келечегин баалоо болгон.  Сурьма менен катар рудада алтындын курамы көбөйгөнү аныкталды, бирок каржылоонун жоктугунан геологиялык чалгындоо иштери толук аяктаган жок.    Алынган маалыматтардын негизинде участок келечексиз деп табылды. 

1997-2000 жылдары геологиялык чалгындоо иштери жеке компаниялар тарабынан улантылып, алар минералдаштырылгандыгын тастыктаган жана геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөн, бирок отчетторду беришкен эмес. 

2002-жылы «Чаарат Заав» ЖАКу Чаарат аянтын геологиялык чалгындоого лицензия алып, анын чектеринде геологиялык чалгындоо жана изилдөө иштерин интенсивдүү баштаган.  2012-жылы компания Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигине “2002-жылдан 2012-жылга чейинки мезгил аралыгында Чаарат аянтыдагы комплекстүү геологиялык чалгындоо иштери боюнча отчет”, “ТЭН кондициялары жана Чаарат кенин камдыктарын эсептөө боюнча отчет” , ошондой эле” Чаарат кенинин Түлкүбаш участкасынын кондицияларын жана камдыктарын эсептөө жана ТЭН менен отчету ” даярдалган 3 отчетту бир убакытта тапшырды. Камдыктар боюнча Мамлекеттик Комиссиясында (ГКЗ) акыркы эки отчет каралып, биринчи жолу өнөр жай категорияларындагы 85 тонна алтындын запасы (С1 + С2) мамлекеттик баланска бекитилди.    Учурда, Чаарат кенинин камдыктарын андан ары көбөйтүү жана кенди иштетүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүү максатында кошумча чалгындоо иштери улантылууда. Ошол эле учурда курулуш иштеринин фронтун камсыздоо үчүн жигердүү даярдык иштери жүрүп жатат.

География жана климат

Аймак бийик тоолуу кескин бөлүнгөн рельефтүү болуп, анын абсолюттук бийиктиги 2130 мден 4200 мге чейин, V формасындагы өрөөндөр жана тик жээктери бар каньондор менен мүнөздөлөт. Айрым жерлерде өрөөндөр кеңейип, капталдарында бир катар төмөн террасалар пайда болот. Салыштырмалуу жогорулоосу 1100 метрге чейин жетет.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин аймагы үчүн башкы суу агымы Сандалаш дарыясы жана анын куймалары болуп саналат. 

Сандалаш – бул көп сандаган шаркыратмалар, тез агымдары жана өрөөндүн тик узун профили менен мүнөздүү тоо дарыясы; Сандалаш дарыясындагы суу ташкыны 63 м3 / сден 105 м3 / сге чейин (орточо көрсөткүчү 87 м3 / с), ал эми төмөн суу мезгилинде – 5тен , 2 м3 / сек ден 8,4 м3 / сек чейин (орточо  көрсөткүчү 6,8 м3 / с) көрсө болот. Анын термелүүсү кардын мезгилдүү эришине – жаз (март – апрель) жана жай (июнь – июль) мезгилдерине байланыштуу.  Суунун аз мезгили ноябрь-декабрь айларына туура келет. Үйөр суу учурунда Сандалаш дарыясы долуналып, унаа же ат ташуучу араба менен өтүүгө жараксыз болуп калат. Иш алып барылган участокто  булактар ​​аз санда жана адаттагыдй, суунун дебити – 0,3 – 0,8 л / сек түзөт.

Тоо

Региондун климаты кескин континенталдуу, жазы ысык (+ 350С) жана кышы суук (-250). Орточо жылдык температура +60С болот. Райондун бийик тоолуу жери жаан-чачындарынын жогорку көлөмүн шарттайт, анын жалпы көлөмү жылына 1000 ммге чейин жетет. Максимум март-май айларында, минимуму август-сентябрь айларына туура келет. Аймактын климаты топурактын катуу муздашына жана тоңгон топурактын пайда болушуна шарт түзөт. Түндүк капталдарында, 2,4 м тереңдикте, жыл бою температура нөлдөн төмөн болуп турат. 

  Кар октябрь айында түшүп, майга чейин турат; кардын бийиктиги 80-120 см болот. Иштер жүргүзүлгөн аянтта кар көчкү коркунучу бар болуп, жыл сайын көлөмү 5тен 150 миң куб метрге чейин бир нече ондогон кар көчкүлөрү жүрөт. 

Аймакта түштүк-батыштан соккон шамал үстөмдүк кылат.    Алардын ылдамдыгы 17 м/с чейин жетиши мүмкүн. 

Лицензиялык территориясынын аянты кургакчыл аймактарга мүнөздүү сейрек өсүмдүктөр дүйнөсү менен мүнөздөлөт.  Сандалаш дарыясынын өрөөнүндө кайың, терек, арча, ит мурун, барбарис өсөт.

Аймактагы сүрөттөлгөн өсүмдүктөр, ойдуңдарда талаа, бийик тоолордо Альпы шалбааларына бөлүнүшөт.

  Кумбел ашуусунан вахталык лагерьге чейинки жол 

 Кендин аянты 70% борпоң катмарлар менен капталган, алардын калыңдыгы негизинен 5-7 метр же андан көпкө жетет. Топурак жана өсүмдүктөр катмары 15-20 смден ашпайт.

Жогоруда айтылган климаттык шарттарга байланыштуу аймактын кол жетерлиги мезгилдүү (май-октябрь) шартка ээ.  Мурда бул убакытта Кумбел ашуусу жабылып калчу. (анын бийиктиги  3256 м.), ал Чаткал өрөөнүнөн Сандалашка чейинки жалгыз жол болчу.   Учурда компания жолду ачык жана кардан таза кармоонун үстүндө иштеп жатат, бул Сандалаш  өрөөнүнө жыл бою аянтка кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. 

Иш жүрүп жаткан аймактан жакынкы Наманган темир жол станциясына чейин (Өзбекстан) – 244 км;  Терексай айылына – 120 км, облус борбору Жалал-Абадга – 460 км; Ош шаарына – 586 км; республиканын борбору Бишкекке, түштүк жолу менен – ​​827 км.  Жай мезгилинде Кара-Буура ашуусу менен Кызыл-Адыр райондук борборуна жол ачык болот; жолдун жалпы узундугу 550 км түзөт.