Чаарат кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн эки лицензия алынган:
– Тулькубаш жана Кызылташта алтын кенин казып алуу Лицензиясы 2032-жылдын июнь айына чейин берилген;
– Түлкүбаш жана Кызылташ участокторунун рудалык зоналарынын кесилишинен болжол менен 20 км аралыкта геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө лицензия; 2023-жылдын октябрына чейин берилген.
Долбоорду ишке ашырууга бардык керектелген уруксаттар – 2017-жылы сентябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алынган. Курулуш башталганга чейинки акыркы кадам – деталдуу долбоорлоо пландары даярдалгандан кийин жергиликтүү деңгээлде бекитүү болуп саналат.
Долбоорду ишке ашыруу этаптары:
Түлкүбаш участогу
Түлкүбаш – Чаарат кенин иштеп чыгуунун биринчи кезектеги участогу болуп саналат Өндүрүш ыкмасы – оксиддүү рудалардан үймөктөп шакардоо.
Түлкүбаш зонасы – минералдашкан структуралык зона болуп, ал кум ташынын интенсивдүү кварцлаштыруудан турат. Ал түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай талаанын экинчи бөлүгү – Кызылташ зонасына параллель созулуп жатат. Айрым жерлерде боорлор кескин болуп ылдыйышы 60-90 градус болот. Түлкүбаш зонасынын кеңдиги 250 метрди түзөт. Айрым жилалардын калыңдыгы 45 метрге чейин жетет.
Бул зонанын минералдашуусу негизинен пириттен турган сульфид минералдашуусунан негизделген.
Түр | Руда | Металл курамы | Алтын | Металл курамы | Күмүш |
т | Алтын, г/т | т | Күмүш, г/т | т | |
C1 | 5568548 | 1,05 | 5,82 | 0,90 | 5,00 |
C2 | 8956571 | 0,97 | 8,68 | 1,09 | 9,80 |
C1+C2 | 14525119 | 1,00 | 14,50 | 1,02 | 14,81 |
Коммерциялык болбогон | 645212 | 0,26 | 0,17 | 0,58 | 0,37 |
Болжолдуу Р1 | 660420 | 0,42 | 0,28 | 0,84 | 0,56 |
Түлкүбаш зонасын иштеп чыгуу үчүн фабриканын долбоорун түзүүгө жана курууга 150 миллион долларга жакын кошумча инвестиция талап кылынат. Участоктун иштеп чыгуу мезгилиндеги салыктык жалпы суммалар 40 миллион доллардан ашат.
Курулуш жана өндүрүш мезгилинде болжол менен 500 адам жумушка орношот, ал эми кубаттуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүндө бул сан андан да жогору болот деп күтүлүүдө
Биринчи Доре эритмесин алуу 2021-2022-жылдарга пландаштырылган. Компания кенди да, концентратты да республикадан тышкары чыгарып кетпестен, акыркы продукту Кыргызстанда алуу ниетин билдирген.
Кызылташ участогу
Кызылташ – Чаарат кенин иштетүүнүн экинчи этабынын участогу болуп эсептелет.
Зонанын түзүлүшү – сульфиддүү руда массиви, ал негизги жана контакттык зонага бөлүнөт. Контакттык зонасы түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай созулат. Узундугу 6 кмге чейин болуп, калыңдыгы 120-160 метрге чейин жетет.
Руда 600 метрге чейинки тереңдикте жатат (актуалдуу геологиялык чалгындоолор боюнча маалыматтарга ылайык). Түндүк-батыш багытындагы руда телосу 45-700 бурчта түшөт.
Кызылташ зонасын иштеп чыгууга фабриканын долбоорун түзүүгө жана курууга 500 миллион АКШ долларына жакын кошумча инвестиция талап кылынат.
Талап кылынган инвестициялардын масштабына жана жер астында кен казып алуу иштерине жана отко туруктуу руданы иштелип чыгуусуна байланыштуу кошумча тобокелдиктерге байланыштуу, Түлкүбаш участкасында кычкылданган кендерди үймөктөп шакардоо ыкмасын колдонуу менен этаптуу иштетүү чечими кабыл алынды.