Жергиликтүү коомчулукту туруктуу өнүктүрүү боюнча иши «Чаарат Заав» ЖАКнун социалдык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Компания жыл сайын Чаткал райондук мамлекеттик администрациясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумун түзүп, ошондой эле аймакты өнүктүрүүгө макулдашылган сумманы бөлүп берет. «Чаарат Заав» компаниясы бөлүп берген социалдык пакети Чаткал районундагы эң ири социалдык пакеттеринин бири болуп саналат. Социалдык пакет төмөнкүлөрдү камтып, бирок алар менен гана чектелбейт:
Мындан тышкары, компания билим берүү, спорт жана маданият жаатында дагы бир катар социалдык багыттагы долбоорлор менен иш-чараларын колдоого алат. Мисалы, “Чаарат Заав” өнөктөштүк уюмдары менен биргеликте Чаткал районундагы билим берүү деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Атап айтканда, кенже жана орто класстардын окуучулары үчүн менталдык арифметиканын курстары уюштурулган. Чаткал районунун мектеп мугалимдери абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) өтүүгө натыйжалуу даярдоо үчүн кайра даярдоодон өтүп, ал эми жогорку класстын окуучулары консультациялары менен кесип тандоо боюнча кеңеш алышты.
Спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образынын жайылтуу үчүн компания жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жыл сайын Чаарат Кубогун уюштуруп, анын алкагында 2018-жылдан бери улак тартыш, улуттук күрөш жана аялдар менен эркектер арасында волейбол боюнча мелдештер өтүүдө.
2013-жылдан бери иштеп жаткан күрөш залы Башкы-Терек айылында компаниянын колдоосу менен курулган. Ал залда машыгып жүргөн тарбиялануучулары ар кайсы мелдештерге катышып, байгелүү орундарды утуп алууга жетишти. Макулдашылган социалдык пакеттен тышкары каражаттар бөлүнүп, ал каражаттарга Каныш-Кыя район борборундагы Чаткал балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин чатыры ремонттолууда.
Мындан тышкары, Байдөөтөлов атындагы орто мектебинин эски от жагыла турган жайынын капиталдык оңдоп-түзөөсү башталып, ал бүткөндөн кийин ошол жайга райондун балдары үчүн билим берүү борборун уюштуруусу пландаштырылууда.
Жогоруда келтирилген иш-аракеттер Чаткал аймагына көрсөтүлгөн жардамдардын бир гана бөлүгүн түзөт. Компания жакшы коңшулук мамилелерин сактап, жергиликтүү калктын муктаждыктарына көңүл буруп, инфраструктурага, билим берүүгө жана маданият жаатына каражат сарптап, аймактын жашоочулары үчүн жумуш орундарын түзүүдө.