Даттанууларды кароо тартиби

Даттанууларды кароо бул «Чаарат Заав» компаниясы жергиликтүү калкы менен, ошондой айрым бир деңгээлде «Чаарат» долбоорунун иши таасир берген жеке адамдар менен ишти алып баруу механизмдеринин бири болуп саналат. Бул тартип стандарттуу жана расмий консультация жол-жоболорунун алкагынан чыккан маселелерди чечүүгө жардам берип, талап кылынган иш-аракеттерди алгылыктуу мөөнөттө жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. Даттануу арызынын ээси өз атынан жана жашыруун түрдө кайрылса мүмкүн.

Даттануу «Чаарат Заав» ЖАКтын кызматкерлери же подрядчиктери жүргүзгөн коммерциялык иштин жана / же башка иш-аракеттеринин натыйжасында бузулгандыгы, жоголгону же зыян келтиргендиги жөнүндө кызыкдар тарабынан Компанияга берилген билдирүүсү болуп саналат.

Даттануу кантип катталат?

Даттанууларды кабыл алуу жана андан аркы каттоосу:

  • Компаниянын ыйгарым укуктуу кызматкерине жеке кайрылгандан кийин;
  • Телефон боюнча;
  • Бишкек жана/же Чаткал районундагы компаниянын кеңселерине жазуу түрүндөгү кайрылууну карап чыгуу аркылуу;
  • Веб-сайтындагы онлайн формасын толтуруудан кийин каралып чыгат .

Арыз бланкын ушул жерден жүктөй аласыз.

Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш экендигин көңүл буруңуз:

  • Аты-жөнүңүз;
  • Иштеген уюму менен ээлеген кызматыңыз (эгер туура келсе):
  • Дарегиңиз:
  • Телефон номуруңуз:
  • Электрондук дарыгиңиз:
  • Даттануу себеби (ар кандай маанилүү маалыматтары, окуя күнү, окуя орун алган жери ж.б.).

Көйгөйлөрдү жана аларды чечүү ыкмаларын туура түшүнүү үчүн келип түшкөн даттануу арызы каттоодон өтүүгө тийиш.

Даттануулар менен ишти алып баруу:

Компания болгон маселелерди жана / же көйгөйлөрдү ырастоо үчүн даттанууда көрсөтүлгөн маселени текшерип чыгат. Андан кийин кызматкерлер жетекчилик менен биргеликте териштирүү иштерин жүргүзүп, пайда болгон кыйынчылыктар менен талаш-тартыштарды чечүү жолдорун иштеп чыгышат.

Эгерде даттануунун негиздүүлүгүн тастыктоого мүмкүн болбосо, арыз ээсине кеңири түшүндүрмө берилет.

Даттанууга жооп берүү

Арызда жазылган маселе боюнча аткарылган жана пландаштырылган (тийиштүү учурларда) иштердин толук баяндоосу расмий түрдө 8 жумадан ашпаган мөөнөттө жооп менен берилиши керек.  Эгерде бул убакыт талаш-тартыш кырдаалды/көйгөйлөрдү чечүү үчүн жетишсиз болсо, анда арыз ээсене ошол учурдагы иштердин жүрүшү жөнүндө маалымат берилет.

Аппеляциялар

Компания көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү үчүн бардык чараларын колдонот, бирок тараптар жооп менен канааттандырылбаса, анда пайда болгон маселелерди чечүү үчүн үчүнчү жактын эксперттери, көз карандысыз тараптар же жергиликтүү / регионалдык бийлик өкүлдөрү чакырылат.

«Чаарат Заав» ЖАКы төмөнкүнү билдирет:

  • Жазуу жүзүндө берилген арыздар кандай гана жагдай болбосун арыз ээлерине каршы пайдаланылбайт;
  • Эреже катары, коомдук чогулушта даттануу берилген учурлардан сырткары арыздардардын купуялуулугу сакталып, арыз ээлеринин аты-жөнү жарыяланбайт;
  • Компания даттануулардын саны жана арыздардын жалпы мүнөзү жөнүндө гана маалымдайт. Бул маалымат даттанууларды каттоо журналында чагылдырылат. Ошол эле учурда жеке маалыматтарды ачыкка чыгарууга болбойт;
  • Анонимдүү даттануулар каралып чыгууга жана катталууга тийиш, бирок андай даттанууларына расмий жооп берилбейт.