Жергиликтүү сатып алуулар

Компания талап кылган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда бирдей болуп калган шарттарда (“баа-сапат” катышы)  аймактын экономикасын өнүктүрүү максатында биринчи кезекте Чаткал районунун камсыздоочуларына артыкчылык берилет.  Керектүү товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгү азыркы кезде жергиликтүү ишкерлерден сатылып алынууда.

Контрагенттерди тандоо учурунда компания Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөрүнө жана өндүрүүчүлөрүнө артыкчылыкты берет. Чаткал районунун ишкерлерине өзгөчө көңүл бурулат, анткени «Чаарат Заав» жабык акционердик коому жергиликтүү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өз салым кошууга аракет кылат.

Бүгүнкү күндө компания 130дан ашуун фирмалары менен иштешет, алардын ичинен чет өлкөлүк болуп 15 гана саналат.

Мындан тышкары, «Чаарат Заав» жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам берүүдө. Компаниянын жардамы менен тигүү цехи ачылган, ал цехте жергиликтүү тургундар “Чаарат Заав” компаниясынын жана мамлекеттик салык кызматы, медициналык мекемелер, мектептер, бала бакчалар сыяктуу башка уюмдарынын кызматкерлери үчүн атайын кийимдерди тигип беришет. Чаткалдын ишкерлери менен ийгиликтүү кызматташуунун дагы бир мисалы – бул кернди сактоочу кутуларын жасоо: аларды Коргон-Сай, Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарындагы 5 жыгач тилүү кичи ишканалары жасап жатышат.

2018-жылы атайын кийимдерди тигүү боюнча цех ачылды

Жергиликтүү сатып алууларга артыкчылык берүү менен, өз ишинде «Чаарат Заав» саясатын көздөп жаткан подрядчылар аркылуу жергиликтүү ишкерлер үчүн кошумча колдоо берилип келүүдө.

Компания бизнести өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн жергиликтүү ишкерлер менен кызматташууну кеңейтүүгө ниеттенет.

Жүргүзүлүп жаткан тендерлер жөнүндө маалыматты биздин сайттан таба аласыз же биздин кеңсеге кайрылып алсаңыз болот.