Жыл сайын өтүүчү спорттук майрамы – “Чаарат Кубогу” – бул жолу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Бул майрам аймакта спортту өнүктүрүү жана колдоо максатында 2018 -жылдан бери “Чаарат Заав” ЖАК тарабынан Чаткал районунда өткөрүлүп келет. Мелдештер салттуу түрдө спорттун үч түрүн: улак -тартыш, күрөш жана волейбол (аялдар арасындагы волейболду кошкондо) жана концерт менен балдардын мастер-класстарынан турган майрамдык бөлүгүн дагы камтыйт. Бул жолку компания атайын Бишкектен көрүнүктүү ырчыларды – Асхат Мусабеков менен Ильяз Абдразаковду алып келди. Майрамды куудул Тынар Курбаналиев алып барды.
Өткөн жылы пандемияга байланыштуу “Чаарат Кубогун” токтотууга туура келген, ошондуктан бул жолу ал өзгөчө чыдамсыздык менен күтүлгөн. Кошумчалай кетсек, быйыл Кыргызстанда спорттун өнүгүшүнө чоң салым кошкон Чаткалдын жашоочуларына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү – Көк бөрү, Күрөш жана Волейбол федерацияларынын Ардак грамоталары жеке өзүнүн өмүрүн спортко арнаган жана өзүнүн мелдешинде олуттуу жетишкендиктерди көрсөткөн ар бир адамга салтанаттуу түрдө “Чаарат Заав” жабык акционердик коомунун башкы директору Даврон Вахабовдун колунан тапшырылды.
Артисттердин элдин астына чыгышы өзгөчө шыктануу менен кабыл алынды – Чаткал аймагы алыс болгондуктан артисттердин келиши абдан бааланат.
«Чаарат Заав аймактын өнүгүшүнө жана жумуш орундарын түзүүгө чоң салымын кошкон чоң жана ишенимдүү инвестор. Мындай ишенимдүү компания менен элдин бирге иштөөсү Чаткалга жалпы жашоо деңгээлин жогорулатууга жана биздин гүлдөп-өсүшүбүз үчүн зарыл болгон бир катар маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жардам берет деп ишенебиз. Биз буга чейин үзгүлтүксүз кызматташып келүүдөбүз – саламаттыкты сактоодо, маданий жашоосунда жана жашоо шарттарын жакшыртууда райондо бир катар долбоорлорубуз бар. Мисалы, биздин балдарыбыз компаниянын эсебинен дарыгер кесиптерине окуп жатышат, натыйжада Чаткалга квалификациялуу дарыгерлер келип эмгектенет. Жолдор жана ооруканалар оңдолуп, балдардын чыгармачылыгы өнүгүүдө. Компания ар дайым биздин өтүнүчтөрүбүзгө жана сунуштарыбызга көңүл бурат», – деп Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев компаниянын иши тууралуу айтты.
Аялдар арасында волейбол мелдеши экинчи ирет өткөрүлүүдө – Жаңы-Базар командасы II Чаарат Кубогун утуп алды. Бул жолу биринчи орунду акимчиликтин командасы ээледи – команданын капитаны жана акимдин орун басары Алтынай Таштанбаева айткандай, бул алар үчүн күтүүсүз болду, анткени жумуш маселелеринин арасында даярданууга көп убакыт деле болгон эмес.
“Биз дайыма волейбол ойнойбуз, бул оюнду жакшы көрөбүз, бул биздин хоббибиз, адатта дээрлик ай сайын чакан мелдештерде жолугуп турабыз. Бирок ушундай турнирдеги биринчи орунга ээ болуу биз үчүн биринчи жолу болуп жатат. Албетте, абдан кубанычтабыз”, – деди ал.
“Жаштар” категориясында (волейбол) Жаңы-Базар командасы абдан катуу күрөштө жеңишке жетишти. “40+” категориясында биринчи орунга Айгыр-Жал айылынын спортчулары ээ болду. Жалпы байге фонду 129 миң сомду түздү.
Кыргыздын улуттук бел боо күрөшү дагы көптөгөн күйөрмандарды кызыктырды: эркектер 60, 70 жана 80+ кг үч категорияларында күрөштү. Категорияларына ылайык жеңүчүүлөр Адилет Алымкулов, Марлен Осмоналы уулу жана Нурсейит Тагайбек уулу болду (айтмакчы, ал акыркы жолу 70тен 80 кг чейинки спортчулар арасында жеңишке ээ болгон). Күрөш боюнча мелдештин жалпы байге фонду 74 миң сомду түздү.
Улак тартыш мелдешинде акчалай сыйлыктар гана эмес, тиричилик техникалары да болгон: калыстардын алдына мамалакты таштагандардын баары туш келген лотерея шарын тандап чыгарган, анын негизинде кир жуугуч машина, муздаткыч, телевизор, же 2ден 10 миңге чейинки сумма болгон байгелери аныкталган. Улак тартыш, көк бөрүдөн айырмаланып, чоң физикалык күчтү жана чыдамкайлыкты талап кылган жеке оюн. Анда 10 бирдик тиричилик техникасы жана 16 акчалай сыйлык, жалпысынан 26 байге ойнотулган.
“Чаарат Кубогу” Чаткал районунун өнүгүү потенциалын дагы бир жолу көрсөтүп, жергиликтүү калк үчүн чоң майрамына айланды – “Чаарат Заав” ЖАКы мелдештер менен концерттен тышкары, иш-чара өткөрүлгөн жерине чейин транспортту, түшкү тамактанууну, балдар үчүн “декупаж” ыкмасы боюнча табактарды кооздоо жана жөнөкөй сүрөттөрдү түзүү мастер-класстарын уюштуруп берди.
Жашоочулар компанияга ыраазычылыктарын билдирип, жакын коңшулук мамилелер мындан ары да райондун жыргалчылыгы үчүн чыңдала тургандыгына үмүт артаарын билдиришти.
Айтмакчы, жыл сайын “Чаарат Заав” ЖАКы социалдык пакет катары 14 миллион сомдон ашык каражат бөлүп берүүдө — өткөн жылы, мисалы, бул акчанын эсебинен Коргон-Сай жана Каныш-Кыя айылдарына эки балдар аянтчасы курулуп, асфальт төшөлүп, тез жардам унаасы жана башка көптөгөн нерселер сатылып алынган. Мындан тышкары, компания ошол каражаттардан тышкары жергиликтүү тургундарга үзгүлтүксүз жардам берип келүүдө. “Чаарат Кубогу”, атап айтканда, социалдык пакетке кирбеген белек – ал үчүн бардык чыгымдар өзүнчө төлөнгөн.