Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун калкынын муктаждыктары үчүн 10 кычкылтек концентраторун сатып алып, райондун өкүлдөрүнө тапшырды

«Чаарат Зав» ЖАКу коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасына жардамын көрсөтууну улантууда. Анын алкагында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун калкынын муктаждыктары үчүн 10 кычкылтек концентраторун сатып алып, райондун өкүлдөрүнө тапшырды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна, COVID-19 жуктурган учурлар көбөйүдо. Мындан улам, медициналык мекемелерде медициналык шаймандар менен камсыз кылуу муктаждыгы көбөйгөндүгү ачык. Ага ылайык “Чаарат Заав” компаниясы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына болжол менен бир миллион сомго кычкылтек концентраторлорун сатып алып, тапшырып берди.

«Чаарат Заав» учурдагы кырдаалды талдоону жана даректүү жардам көрсотүүну токтотпойт. Эскерте кетсек, буга чейин компания Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 45 миң доллардан ашык суммада лабораториялык жабдууларын (COVID-19 ПЦР-амплификатор жана ПЦР тестери ) тапшырып берген. Ошондой эле райондун жашоочуларына 10 тонна ун жана дезинфекциялык каражаттарды тараткан.