Региондорду өнүктүрүү: Чаткал районунда “Чаарат” Кубогу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп өттү

Чаткал районунда волейбол, улак тартыш жана күрөш боюнча “Чаарат” II – Кубогунун мелдештери өткөрүлдү. Чаарат алтын кенинде өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Чаарат Заав” ЖАКму турнирди жыл сайын өткөрүү салтын өткөн 2018-жылы негиздеген. Бул жылы иш-чара масштабдуураак жана кызыктуураак болду: жергиликтүү өндүрүүчүлөр айыл-чарба продукцияларынын көргөзмөсүн өткөрүштү, балдар чыгармачылык сынагына катышты, ал эми мелдештердин катарына аялдар арасында волейбол оюндары кирди.

“Биздин районубузда регионду өнүктүрүүгө каражаттарды активдүү салып жаткан ишкананын пайда болуусу бизди кубандырат – жана бул түз инвестицияларга тиешелүү гана  эмес, – деп өзүнүн сөзүндө райондук администрациясынын жетекчиси Канжарбек Эшалиев белгилеп кетти, – мисалы, өткөн жылы биздин аймагыбызда атайын кийимдерди тигүү цехи ачылды жана анда ири тапшырык берүүчүсү бар.  Башка ишкерлер жашиктерди жасоо менен алек болууда – аларда дагы туруктуу жана ишенимдүү тапшырык берүүчүсү бар. Бүгүн ушул майрамдын үстүнөнөзүбүздүн өнөктөштөрүбүз “Чаарат Заав” компаниясы менен жолугууга кубанычтабыз!”

Жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү уюштурулган иш-чара үчүн компанияга ыраазычылыгын билдирип жана Чаткал районунун жашоосунун дээрлик бардык тармактарында компания тарабынан көрсөтүлгөн колдоосу сезилип, кызматташуу чыңдалып жаткандыгын баса белгилеп кетишти, аларга билим берүү жана жергиликтүү бизнести өнүктүрүү жана ошондой эле спортко кошкон салымдары кирет. Мисалы, “Чаарат” Кубогуна арналган көргөзмөдө жергиликтүү мектептердин балдары жасаган нерселерин жана нукура ойлоп табууларын көрсөтүштү: танк, ракета, экскаватор жана көптөгөн башка нерселер. Эң мыкты катышуучуларга баалуу сыйлыктар менен белектер тапшырылды.