Кадр саясаты

«Чаарат Заав» жабык акционердик коомунда учурда 130га жакын адам эмгектенет. Кызматкерлердин 95% Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын жарымы Чаткал районунун тургундары түзөт.

Подряддык уюмдардын кызматкерлерин кошкондо кызматкерлердин жалпы саны 300гө жакын адамды түзөт.

Бирдей мүмкүнчүлүктөр саясаты

Жумушка алуу, кызматка дайындоо, кызмат боюнча көтөрүү, эмгек акысын төлөө жана окутуу менен байланышкан иштерине катышкан бардык адамдарга бирдей мүмкүнчүлүктөр берилет, ошондой эле ар бир кызматкер же жумушка орношууга арыз берген адам расасы, өңү, этностук же улуттук теги,  туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, кош бойлуулугу, үй-бүлөлүк, социалдык же экономикалык абалы боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Жумушка алуу саясаты

«Чаарат Заав» көз карашыбызды жана баалуулуктарыбызды бөлүшкөн эң мыкты талапкерлерди тандоого жана тандап алууга умтулат. Компания жумушка алуу учурунда ачык жана айкын атаандаштык эрежесин колдонулат.

Бош орундар жана талапкерлерге коюлган талаптар жөнүндө маалымат Компаниянын веб-сайтында жана социалдык тармактарында, адистештирилген интернет сайттарында, массалык маалымат каражаттарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жайгаштырылат. Андан сырткары, талапкерлер иш таржымалдарын түздөн-түз hrd@chaarat.com дареги боюнча кадрлар бөлүмүнө жөнөтүшсө болот. Эгер талапкер Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жашаса, өзүнүн иш таржымалын Каныш-Кыя айылындагы кадрлар бөлүмүнүн аймактык өкүлүнө түз тапшырса болот.

 Ар бир жумуш ордунда коопсуз эмгек шарттарын уюштуруу жана камсыз кылуусу компаниянын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Компаниянын бош кызмат орундарына жооп берген, кесиптик тажрыйбасы жана квалификациялык деңгээли белгиленген талаптарга жооп берген бардык талапкерлер баалоо иш-чараларынан, ошондой эле тандоо учурунда кесиптик тестирлөөдөн өтүшөт.

Көңүл буруңуз: «Чаарат Заав» Кыргыз Республикасынын Чаткал районунун жарандарына бош кызмат орундарына иш таржымалдарын тапшырууну сунуштайт.

Кызмат орундарына тандалып алынган талапкерлер  бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жол берген милдеттүү медициналык кароодон өтүшөт. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жумушка кабыл алууда бардык кызматкерлер үчүн сыноо мөөнөтү белгиленет. Зарыл болгон учурда жаңы кызматкерлердин бардыгы жумушту баштоодон мурун жумушчу орундарында эң тажрыйбалуу жана квалификациялуу адистердин жетекчилиги астында окуудан өтүшөт.

Компания кадрларды окутуу жана өнүктүрүү үчүн каражаттарын сарптайт Квалификациялуу чет элдик жумушчулар насаатчы жана машыктыруучунун милдетин аткарып, кыргызстандык кызматкерлерине өз билимдерин өткөрүп берүүдө. Мындан тышкары, жыл сайын  социалдык пакетинин алкагында “Чаарат Заав” компаниясы өлкөнүн жогорку окуу жайларына Чаткал районунун мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн окуу акысын төлөп келүүдө. Орто мектеп бүтүрүүчүлөрү тандай турган адистиктери медицина же тоо-кен менен геологиялык ишке байланыштуу болушу керек. Грант алган студенттер андан ары жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн компаниядагы өндүрүш такшалмасынан өтүшөт.

Бош иш орундары жөнүндөгү маалымат веб-сайтта жайгаштырылат. Иш таржылмаңызды тиешелүү форма аркылуу же компаниянын кеңсесине кайрылып тапшырсаңыз болот.